TG Telegram Group Link
Channel: КР Президенти
Back to Bottom
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (абанын сапатын жакшыртуу долбоору) ратификацияланды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Каржылоо жөнүндө макулдашуу менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасына 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит берүү каралууда.

Кредиттик каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:

– абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;

– абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу;

– абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү;

– абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмалары;

– жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү;

– Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды куруу.


*

Ратифицировано Соглашение о финансировании (Проект улучшения качества воздуха) между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании (Проект улучшения качества воздуха в Кыргызской Республике) между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития, подписанного 12 декабря 2023 года в городе Бишкек».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 18 апреля
2024 года.

Законом предусматривается выполнение внутригосударственных процедур, необходимых для ратификации Соглашения о финансировании (Проект улучшения качества воздуха в Кыргызской Республике) между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития (далее – Соглашение), подписанного 12 декабря 2023 года в городе Бишкек.

Так, Соглашением предусматривается предоставление Кыргызской Республике кредита в размере 50 млн долларов США со стороны
Международной ассоциации развития для реализации проекта улучшения качества воздуха в Кыргызской Республике.

Кредитные средства предлагается направить на:

– укрепление системы управления качеством воздуха за счет строительства и модернизации автоматизированных станций контроля качества воздуха;

– модернизацию химической лаборатории для проверки качества воздуха;

– техническое содействие в сфере усиления процедур контроля качества воздуха;

– методы прогнозирования и предупреждения качества воздуха;

– содействие внедрению чистых технологий для отопления в частных домах;

– строительство ирригационных систем для обеспечения устойчивости городского озеленения города Бишкек.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, 16-майда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Борбор Азия мамлекеттеринин (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы өлкөлөрдүн суу-энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук коопсуздук жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгынын абалы жана келечеги боюнча маселелер талкууланды.

Марат Иманкулов өз сөзүндө калкты жана экономика тармактарын суу менен камсыз кылуу, ошондой эле таза суунун сапаты, сугат суунун керектүү көлөмдө берилишинин ыкчамдыгы азыркы учурда Борбор Азия мамлекеттеринин турмушунда абдан маанилүү роль ойногондуктан, аларга көңүл бурулбай калуу экономикада да, социалдык маселелерди чечүүдө да чоң чыгымдарга алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Суу тартыштыгынын фонунда энергетикадагы, азык-түлүк жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кырдаал татаалдашууда.
Өз кезегинде экономикадагы, энергетикадагы, социалдык турмуштагы терс тенденциялар башкарылгыс миграциянын жаңы толкундары үчүн шарттарды түзөт, бул жалпы алып караганда коопсуздук чөйрөсүндө кризистик кырдаалдарды пайда кылат.

Климаттык себептердин натыйжасында Кыргыз Республикасы суу ресурстарынын калыптанышынын башатында турганына карабастан, өзү кыйынчылыктарды баштан кечире баштады. Өлкө үчүн белгилүү бир зыян тартуусуна карабай, Кыргызстан коңшуларын суу менен камсыз кылуу боюнча бардык эл аралык келишимдерди жүз пайыз сөзү жок аткарып келет.

Транспорттук коопсуздукту камсыз кылуу маселесин алып караганда,
Марат Иманкулов белгилегендей, Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы туруктуу транспорттук өз ара байланыш эки тараптуу кызматташтыктын алкагында да, интеграциялык бирикмелер – ЕАЭБ жана ШКУ форматында болгон келишимдердин жана милдеттенмелердин негизинде да өз ара пайдалуу, басмырлоосуз негизде камсыздалышы керек.

Биринчи жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протокол макулдашылып, анда тараптар аймактын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү контекстинде суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле транспорттук коопсуздук көйгөйлөрүн кароо боюнча мамилелердин жалпылыгын белгилешти.

Делегация башчыларынын бул жолугушуусунун алдында аларды Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды.

Сапардын алкагында Марат Иманкулов 19-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын Мамлекет башчылары тарабынан ачылган Айкөл Манастын эстелигине гүл койду.
Секретарь Совета безопасности принял участие в первой встрече секретарей советов безопасности государств Центральной Азии

Секретарь Совета безопасности Кыргызской Республики Марат Иманкулов, 16 мая, в г. Астана (Республика Казахстан) принял участие в первой встрече секретарей советов безопасности государств Центральной Азии (Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан, Туркмения и Узбекистан).

В ходе встречи обсуждены вопросы состояния и перспектив сотрудничества стран региона в сферах водно-энергетической, продовольственной, транспортной безопасности и развития транспортно-логистической инфраструктуры.

В своем выступлении Марат Иманкулов отметил, что проблемы водоснабжения населения и отраслей экономики, а также качества пресной воды, оперативности подачи нужных объемов поливной воды в настоящее время играют настолько важную роль в жизни государств Центральной Азии, что пренебрежение ими может привести к большим издержкам как в экономике, так и в решении социальных вопросов.

На фоне водного дефицита усложняется ситуация в энергетике, обеспечении продовольственной и санитарно-эпидемиологической безопасности.
В свою очередь негативные тенденции в экономике, энергетике, социальной жизни создают условия для новых волн неуправляемой миграции, что в комплексе провоцирует кризисные ситуации в сфере безопасности.

Вследствие климатических причин Кыргызская Республика, несмотря на то, что она находится у истоков формирования водных ресурсов, сама стала испытывать трудности. Тем не менее, невзирая на определенный ущерб для страны, Кыргызстан безоговорочно на сто процентов исполняет все международные договорённости по обеспечению соседей водой.

Касаясь вопроса обеспечения транспортной безопасности,
Марат Иманкулов отметил, что стабильная транспортная взаимосвязанность между государствами ЦАР должна обеспечиваться на взаимовыгодной, недискриминационной основе, как в рамках двухстороннего сотрудничества, так и на основе имеющихся договоренностей и обязательств в формате интеграционных объединений – ЕАЭС и ШОС.

По итогам первой встречи был согласован соответствующий протокол, в котором стороны отметили общность подходов к рассмотрению проблематики водно-энергетической и продовольственной безопасности, а также транспортной безопасности в контексте развития транспортно-логистической инфраструктуры региона.

Перед проведением указанной встречи глав делегаций принял Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев.

В ходе визита Марат Иманкулов возложил цветы к памятнику Манасу Великодушному, открытому 19 апреля Главами государств Кыргызстана и Казахстана.
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын орун басары – БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары - БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда Уюмдун маанилүү ролун белгилеп, Кыргызстан конфликттерди тынчтык жолу менен чечүү жана азыркы замандын чакырыктарына каршы биргелешип күрөшүү үчүн БУУга мүчө бардык мамлекеттер жана БУУнун адистештирилген агенттиктери менен тыгыз өнөктөштүктү бекемдөөнү жактай турганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптап, эл аралык терроризмге натыйжалуу каршы туруу үчүн бекем негизди камсыз кылган БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашырууга активдүү катышып жатканын баса белгиледи.

Ал белгилегендей, регионалдык деңгээлде Кыргызстан БУУ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен экстремизмдин алдын алуу жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле алар менен байланышкан, анын ичинде баңги аткезчилиги, арам акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу транс чек аралык кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы турууда ийгиликтүү кызматташып жатат.

Бул жагынан алып караганда Мамлекет башчысы өткөн жылы БУУнун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программасы кабыл алынганын канааттануу менен белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу айтып берди. Шайлоо БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында 2026-жылдын июнь айында өтөт. Кыргызстан БУУнун уставынын максаттарын ар тараптан жактап, бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу боюнча жалпы ишке колдон келишинче салым кошууга умтулат.

Өз кезегинде Владимир Воронков Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин жолдогон эң жакшы каалоо-тилектерин айтты.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүүгө байланыштуу БУУнун Баш катчысы - БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын башчысы өлкөнүн бул орунду алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын БУУнун антитеррористтик институттары жана түзүмдөрү менен тыгыз жана жемиштүү өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгиледи, ошондой эле кадрларды даярдоо жана БУУнун институттарында Кыргызстандык жаш адистер үчүн такшалмаларды уюштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүү маселесин кароону сунуштады.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Катчысы - БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков Кыргызстандагы укук тартиби жана улуттук коопсуздук органдарынын даярдыгынын жогорку деңгээлин, контртеррористтик күн тартибин илгерилетүү үчүн күчтүү мыйзамдык база түзүлгөнүн баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров принял заместителя Генерального секретаря ООН – Главу Контртеррористического управления ООН Владимира Воронкова

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 мая, принял заместителя Генерального секретаря Организации Объединенных Наций (ООН) – Главу Контртеррористического управления ООН Владимира Воронкова.

В ходе встречи состоялся обмен мнениями по актуальным вопросам международной повестки дня и сотрудничества между Кыргызстаном и ООН.

Глава государства отметил важную роль Организации в обеспечении мира и безопасности, подчеркнув, что Кыргызстан выступает за укрепление тесного партнерства со всеми государствами-членами ООН и специализированными агентствами ООН для мирного решения конфликтов и совместной борьбы с вызовами современности.

Садыр Жапаров акцентировал, что Кыргызская Республика решительно осуждает терроризм во всех его проявлениях и принимает активное участие в реализации Глобальной контртеррористической стратегии ООН, которая обеспечивает прочную основу для эффективного противодействия международному терроризму.

Он отметил, что на региональном уровне Кыргызстан успешно сотрудничает с ООН и странами Центральной Азии в рамках реализации Совместного плана действий по предупреждению экстремизма и противодействию терроризма, а также связанных с ними другими видами трансграничной преступности, включая наркоторговлю, отмывание денег и финансирование терроризма.

В этом ключе Глава государства с удовлетворением отметил, что в прошлом году при содействии ООН была принята Государственная программа Кыргызской Республики по противодействию экстремизму и терроризму на 2023-2027 годы.

В ходе беседы Президент Садыр Жапаров рассказал о выдвижении кандидатуры Кыргызстана в непостоянные члены Совета Безопасности ООН на 2027-2028 годы. Выборы состоятся в ходе 80-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в июне 2026 года. Кыргызстан всесторонне привержен целям Устава ООН и стремится вносить свой посильный вклад в общее дело по обеспечению мира, глобальной безопасности, устойчивого развития и социального прогресса во всем мире.

В свою очередь Владимир Воронков поблагодарил Садыра Жапарова за теплый прием и передал слова приветствия и наилучшие пожелания от Генерального секретаря Организации Объединенных Наций Антониу Гутерриша.

Относительно выдвижения кандидатуры Кыргызстана в непостоянные члены Совета Безопасности ООН на 2027-2028 годы Генеральный секретарь ООН – Глава Контртеррористического управления ООН отметил, что у страны есть хорошие шансы получить это место.

Он также с удовлетворением отметил тесное и продуктивное взаимодействие Кыргызстана с антитеррористическими институтами и структурами ООН, а также предложил рассмотреть вопрос расширения сотрудничества в сфере подготовки кадров и организации стажировок для молодых специалистов из Кыргызстана в институтах ООН.

Кроме того, заместитель Генерального секретаря ООН – Глава Контртеррористического управления ООН Владимир Воронков подчеркнул высокий уровень подготовленности органов правопорядка и национальной безопасности Кыргызстана, создание в стране мощной законодательной базы для продвижения контртеррористической повестки.
HTML Embed Code:
2024/05/18 00:54:19
Back to Top