TG Telegram Group Link
Channel: «Азаттык» радиосу
Back to Bottom
Футбол: Кыргызстан Малайзия менен тең чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзиянын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюн 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Бул беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2027-жылы боло турган Азия кубогунун тандап алуу оюндары алкагында болду. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан.

Ушул тапта 12 упай менен Оман биринчи, 10 упай топтогон Кыргызстан экинчи орунда келатат. Малайзияда жети упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай ала элек.

Кыргызстандын улуттук курамасы жыйынтыктоочу турдун алкагындагы 11-июнда Маскат шаарында Оманга каршы ойнойт.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
❗️Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду

Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды.

Алар: “Дальний кардон”, “Смена”, “Белек”, “Золотые пески”, “Взморье сити”, “Асыл-Таш”, “Ой-Керемет”, “Золотой-Требас”, “Кооператор” пансионаттары жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борбору менен “Чолпон-Ата”, “Чалжанов” эс алуу жайлары.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бул пансионаттардын кээ бири тазалоочу жайларды курууга киришти. Алар мыйзам бузууларды жойгондон кийин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даяр экенин далилдеген паспорт берет.

@azattyk_radiosu
11 журналистин иши Ленин райондук сотунда карала башталды

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды.

Алардын адвокаттары “Азаттыкка” билдиргендей, отурумда кылмыш ишин кыскартуу, шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүү тууралуу маселелер каралат.

Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылууда. Отурум жабык өтүп жатат.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен.

Ушул тапта тергөө абагында төрт журналист: “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Песковдун кызы санкцияларды Казакстан аркылуу кыйгап өтөбү?

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун кызы Елизавета Пескова Казакстандын жеке идентификациялык номерин алды. Жеке номер банктан эсеп ачууга, алып-сатуу жүргүзүүгө, ал тургай ишке орношууга мүмкүнчүлүк берет.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Орусияда мигранттарды текшерүү кайрадан күчөдү

Эки укук коргоо борбору билдиргендей, текшерүүлөргө мигранттар эле эмес, орус жарандыгын алган чет элдиктер да дуушар болууда.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Орусия Украинанын экс-премьер-министрине издөө жарыялады

Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын мурдагы премьер-министри, Жогорку Раданын депутаты Юлия Тимошенкого издөө жарыялады.

Бул тууралуу РБК жана Sota маалымат агенттиктери жазышты.

Ага ылайык, Тимошенкого кылмыш иши үчүн издөө жарыяланганы тууралуу маалымат Орусия ИИМнин базасына киргизилген.

Орусиянын ИИМи буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен мурдагы президент Петро Порошенкого да издөө жарыялаган. Кийинчерээк алардын аттары мекеменин маалымат базасынан алынган.

@azattyk_radiosu
Париж Киевге инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө 200 млн евро берет

Украинанын жана Франциянын президенттери Париждеги жолугушууда согуштан жабыркаган инфратүзүмдү калыбына келтирүү үчүн 200 млн евролук жардам фондун түзүү келишимине кол коюшту. Мунун ичинен 60 млн евро энергетикалык тармакты калыбына келтирүүгө жумшалат.

Париж Украинанын жергиликтүү долбоорлорун колдоо үчүн Франциялык өнүктүрүү агенттигинин мандатын кеңейтет. Бул тууралуу Жолугушуу соңундагы маалымат жыйынында француз президенти Эммануел Макрон журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда 20 техникалык эксперт Украинанын түрдүү министрликтерине жиберилет.

Макрон мурдараак Франция Украинага "Мираж 2000-5" кыргын салуучу учагын берерин жана украиналык 4,5 миң аскер кызматкерин окута турганын билдирген.

@azattyk_radiosu
Ысык-Көлдө туристтик сезон расмий ачылды

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезонго старт берилди. Анын ачылышы 8-июнда чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды.

"Ысык-Көл ITF 2024" туристтик жармаңкесине өлкөнүн бардык аймактарынан жана башка өлкөлөрдөн тур операторлор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр ишкерлер жана туристтер катышты.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
HTML Embed Code:
2024/06/09 22:26:42
Back to Top